Кыргызский Государственный Технический Университет им. И. Раззакова

Новость


     Ар бир жылдын октябрь айынын башталышы окутуучулар үчүн жагымдуу жаңылыктар, жакшы маанай менен өтөт. Бул жылы да И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин чоң жыйындар залында Мамлекеттик тил күнү, Университет күнү жана агартуучулардын майрамы чогу белгиленип, колледждин жамааты үчүн кесиптик майрам бир катар мыкты саамалыктар менен коштолду.

       Иш-чаранын жүрүшүндө КМТУнун Политехникалык колледжинин окутуучулары Калдарбаева Рахат Карыбековна жана Мукашева Раушан Нурбаевна окуу, илимий, окуу-усулдук, тарбия, чарба, өндүрүштөгү жетишкендиктери үчүн университеттин "Ардак грамотасы" менен сыйланса, колледждин директору Нурайым Курманбековнанын, окутуучу Нурзада Суйуналиевнанын жана кадрлар бөлүмүнүн башчысы Жашылгул Дуйшоналиевнанын эмгек китепчелерине алкыш жарыяланды.

         Ошондой эле  колледжде жана университетте өзгөчө эмгеги, алардын өнүгүшүнө кошкон чоң салымы жана окуу процессин уюштуруудагы жогорку көрсөткүчтөрү үчүн Аманова Нурзада Суйуналиевна колледждин эң жогорку сыйлыгы менен сыйланды.               

Урматтуу кесиптештер! Сиздер аркалаган ыйык кесип ар дайым коомдо өз жемишин берип келүүдө. Сиздерге талыкпаган жигер, жаркын маанай, бекем ден-соолук каалайбыз!