Кыргызский Государственный Технический Университет им. И. Раззакова

Новость


    Бир чөлкөмдө – Борбордук Азияда коӊшу жашагандыгыбызга, динибиздин бир экендигине, тарыхый тамырлаш, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму баш болгон күч альянстарына мүчө өлкөлөрдөн экендигибизге карабастан, Тажикстан Республикасы үстүбүздөгү жылдын 14-сентябрында мекенибизге – Баткенге, Чоӊ-Алайга куралдуу кол салды. Беш күндүк айыгышкан куралдуу агрессиянын кесепетинен эр азаматтарыбызды, мекендештерибизди жоготуп, бүлгүнгө, эбегейсиз зыянга учурадык. Ошол эле учурда мүмкүн болушунча катылган жоону тороп, ага да тийиштүү зыян келтирип, чек араны бузуп келип, басып алуусуна жол берилген жок. 140 миӊге жакын мекендешибиз жер которууга туура келип, 62 жараныбыздан айрылып калдык.

   Кагылышуунун биринчи күнүндө эле Кыргызстандын, дүйнөнүн булуӊ-бурчунан гуманитардык жардам берилип, мамлекеттик мекемелер, уюмдардын кызматкерлери кол суна баштады. Алардын сап башында И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинин профессордук-окутуучулар жамааты туруп, 50 миӊ сом өлчөмүндө бир күндүк эмгек акысын которушту. Муну менен катар студенттер четте калбастан, 10 миӊ сом өлчөмүндө чогултуп беришти.

   Ошондой эле окутуучулар жамаатынын демилгеси менен эвакуацияланган мекендештерибизге кийим-кече, идиш-аяк, жуучу каражаттары ж.б. керектүү буюмдар алынып, даректүү жардам берилди.

    Кыргызстан элдеринин бир жакадан баш, бир жеӊден кол чыгарган биримдиги аркасында, тамчыдан көл куралып, тышкы жоого тийиштүү сокку берилди.

Басып алуудан алыспыз, бир укум дагы жерибизди бербейбиз!