Кыргызский Государственный Технический Университет им. И. Раззакова

Новость


   Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган колледждин окуу планына ылайык жалпы билим берүү цикли боюнча  жыл сайын  15-сентябрдан баштап, 23-декабрга чейин КМТУнун Политехникалык колледжинде “Кыргыз тили фестивалы” ийгиликтүү өткөрүлөт.

   Фестивалдын алкагында 2022-жылдын 26-сентябрында Мамлекеттик тил күнүнөкарата колледжде «Эл дөөлөтү – эне тилинде» аттуу интеллектуалдык оюн сынагы, кино жумалыгы өткөрүлдү. Бул иш-чарага колледждин 1-курсунун студенттери катышты.

   Бул сынакта: алгач эле студенттерге “Колледждеги кыргыз тилинин бүгүнкүсү, эртеңкиси кандай?, Эмне кылуу керек?” деген темада студенттерге долбоор түзүү берилди. Ар бир катышуучу өздөрүнүн долбоорлорун презентация түрүндө тааныштырышып, жактап беришти жана  төмөнкү сунуштарды сунушташты: кыргыз тилинде, кыргызча кооздолгон, көркөмдөлгөн атайын “КЫРГЫЗ ЗОНАСЫН” ачуу; кыргыз тили сабагынын сааттарын көбөйтүү; колледждин бардык кабаттарында кыргыздын учкул сөздөрүн илүү; колледждин биринчи кабатында чоң экран коюп, кыргыз элинин нукура сөздөрүнүн маанилеринин чечмеленишин көрсөтүү; англис тилин кыргызча өтүү, түшүндүрүү; сөз байлыкты көбөйтүү үчүн, студенттер күнүнө 5-10дон сөз жаттоо; ар бир сабак сайын кызыктуу тесттерди берүү; кыргыз тили сабагын гимн менен баштоо; күнүнө 5-10 барак кыргызча китептерди окуу; колледжде кыргыз тилинде курстарды ачуу; кыргыз тили сабагын бир гана колледжде эмес, табият койнунда да өткөрүү ж.б.

   Сынактын кийинки тапшырмаларында кыргыздардын улуттук баалууктары камтылган  тесттик тапшырмалар, ар кандай сүрөттөр аркылуу жашырылган макал-лакаптар, эс тутумду жакшыртуу, тилди жатыктыруу максатында түрдүү жанылмачтар берилип, студенттер кызыгуу менен жооп беришти.

   Жыйынтыгында 1-орунду КМТШИ9-3-22 тобунун студенти Жумабекова Диана; 2-орунду КМТШИ9-2-22 тобунун студенти Мурзалиева Раяна, 3-орунду ОПУТ9-1-22 тобунун студенти Сыдыков Султан жана ЭССС9-1-22 тобунун студенти Шарапов Артык алышты.

  Ал эми кино жумалыгында “Манас” кинотеатрында” жалпы 1,2-курстардын студенттерине  “Манастын уулу Семетей” тасмасы көрсөтүлүп, студенттердин кызыгуусун арттырды.

  Бул иш чаралардын негизги максаты – кыргыз тилин кеңири жайылтуу, өркүндөтүү жана кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын, дөөлөт-мурастарын, санжыра-тарыхын, адеп-ахлагын, салт-санаасын, нарк-насилин, дүйнө таанымын таанытуу менен өсүп келе жаткан жаш өспүрүмдөрдүн атуулдук сезимдерин курчутуу, мекенин сүйүүгө негиз берүү болуп саналат.