News


      2021-жылдын 18-февралында   Бишкек шаарында ЮНИСЕФ балдар  уюму жана  Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду аркылуу уюшулган «Илимдеги кыздар» темасындагы  менторлордун жолугушуусу  болуп өттү. Ал  форумда  STEM  багыты жана  анын келечектеги максаттары  жөнүндө маселелер көтөрүлдү. Азыркы замандагы техниканын  жана технологиянын өсүү убагында  STEM  багытка  кыз балдарды тартуу  жагына өзгөчө көнүл бурулду. Бул долбоордо  менторлук пиштерди  өнүктөрүү жакшы жолго коюлган. Менторлук жөндөмдүүлүктү  уюштуруу боюнча кесиптештердин  билдирүүсү болду. Бул жолугушууга КМТУнун окутуучуларынын катарында “Тамак-аш инженериясы” кафедрасынын башчысы т.и.д., профессор  Садиева А.Э. катышып келди.