News


Орто мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн арасында кесип багыттоо иштерин жүргүзүү максатында “Консервалоо Технологиясы” кафедрасынын окутуучу жамаатынын курамы Алымкулова Н.Б., Конкубаева Н.У., Джамаева А.Э., Сырымбекова Э.А. 2020 жылдын 1-4 мартында Республиканын аймактан сырткары мектептеринде: Нарын областы Ат-Башы району, Ак-Муз айылы Боогачы атындагы орто мектеби, Кара-Жыгач конушу Табылдинов атындагы орто мектеби, Москва району  Теменсуу айылы Насипбек Бакиров атындагы орто мектеби, Чүй облусу Москва району Абдыкул Жапаров атындагы орто мектеби, Ак-Башат айылы Сабыркул Сасанбаевич Усубалиев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектептеринде кесип багыттоо иштерин жүргүзүп, бүтүрүүчүлөргө И.Раззаков атындагы КМТУнун Технологиялык факультети тууралуу кеңири маалымат беришип, Технологиялык факультетинин бүтүрүүчүлөрү тамак-аш өндүрүү ишканаларында технолог болуп, жана ошондой эле эт, сүт кайра иштетүү, кондитердик, макарон, нан азыктарынын, консерваланган азыктар, сок, суусундук, кургатылган жемиштер, тоңдурулган азык-түлүк өндүрүштөрүндө иштеп келишерин айтышты. Кеңири маалыматтар жазылган буклеттер мектеп окуучуларына таратылып берилди.