2019 -жылдын 18-сентябрда Исхак Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университеттин 65-жылдык юбилейине карата арналган эл аралык илимий -практикалык конференция өтүлдү .
Конференцияга «КТАТ» кафедрасынын т.и.к., профессору Тамабаева Бибигуль Сулеевна менен улук окутуучу Аширбекова Гульнара Бектооевна биргеликте «Топоз этинен жасалган жаны азыктар» аттуу илимий тажрыйбасы боюнча катышышты.
Ошондой эле «КТАТ» кафедрасы 65-жылдык КМТУнун салтанаттуу юбилейине карата арналган иш-чараларга катышышты.
И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети ар дайым активдүү иш жүргүзүп келет жана жүздөгөн жогорку квалификациялуу жана кесипкөй кадрлар менен инсандарды даярдаган окуу жай болуп саналат.