News


2021-жылдын 27- сентябрында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган "Жаркын келечекке жол" аталышындагы улуттук форум өткөрүлдү.
Форум КР жогорку кеңешинин депутаты Алтыбаева Айнуру Тойчиевнанын демилгеси менен уюштурулуп, ага Кыргызстан Аялдарынын Форуму, Аялдар Кеңешинин ассоциациясы, И.Арабаев атындагы КМУ, И.Раззаков атындагы КМТУ, М.Рыскулбеков атындагы КЭУ, МУКР, АГУКР ж. б. катышты.

Форум университеттердин анын ичинен И. Раззаков атындагы КМТУнун студенттери тарабынан концерттик номерлери, таланттуу дизайнер студенттердин кийимдеринин этно-шоусу жана "Көк бөрү" аталышындагы флешмоб бийи тартууланды.
Ошондой эле И. Раззаков атындагы КМТУнун "Кыргыз тили" кафедрасынын профессордук – окутуучулар курамы жана Технология факултетинин студенттеринин аткаруусундагы "Айкөл Манас" аттуу хору аткарылды.
Биздин аткарылган хор көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн орун тапканын форум аяктагандан кийинки “Сиздер менен сүрөткө түшүп алалычы... филармонияны титиреттиңер... Азаматсыңар! ” деген сөздөрүнөн улам байкадык. 😃🤭😀
Бул чыгарманы бир гана жандуу көрүш керек !
Кыскасы, биз филармонияга, филармония бизге жарашты!