News


МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮНДӨ КЕРЕГЕ КЕҢЕШ ӨТТҮ

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия Мамлекеттик тил күнүнүн урматына И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин жыйындар жайында мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрүнүн, журналисттердин ж.б. катышуусунда кереге кеңеш өткөрдү.
Иш-чараны төрага С.Мусаев ачып, жалпы мекендештерди мамлекеттик тил күнүн менен куттуктап, мамлекеттик тил саясатындагы жаңылыктар, өзгөрүүлөр, аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берди. Андан соң “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б.Топоева-Ставинская “Кыргызтест” тутуму, андагы жаңылыктар тууралуу баяндама жасаса, кыргыз тилиндеги“Улут” социалдык түйүнүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири Ө.Андарбеков жаңы долбоор тууралуу кенен айтып берди. Кереге кеңештин өзөгү болгон талкуу учурунда катышуучулар мамлекеттик тил жаатында көңүл өйүгөн маселелерин айтып, сунуштарын берип, суроолорун узатып, кенен пикир алышуу болду. Иш-чара ZOOM платформасы жана Улуттук комиссиянын Фейсбук баракчасы аркылуу түз чагылдырылып турду (https://fb.watch/8d5dInpWFI/).
Иш-чаранын соңунда мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана тил саясатын өркүндөтүүгө салым кошкон инсандарга Улуттук комиссиянын сыйлыктары ыйгарылды:
“Кыргыз тили” төш белгиси:
1. Адамбеков Доктурбек – КР УИАнын академиги;
2. Акунов Аалыбек – И.Раззаков атындагы КМТУнун философия жана социалдык илимдер кафедрасынын башчысы;
3. Кияшбаев Бердибай – Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Жеткинчек” гезитинин журналисти, балдар акыны;
4. Мааткеримов Бакыт – Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институтунун окуу иштери боюнча проректору, ф.и.к;
5. Асанкожоева Жаңыгүл – Бишкек шаарындагы №64 мектеп-гимназиясынын кыргыз тили мугалими;
6. Ибраимова Миргүл – Бишкек шаарындагы №181 МЧББУнун директору;
7. Шамов Талантбек – Бишкек шаардык мэриясына караштуу №12 муниципалдык аймактык башкармалыгынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча башкы адиси;
8. Турдубаева Гүзель – Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси;
9. Исмаилова Айгүл – Кыргызстан эл аралык университетинин окутуучусу;

Ардак грамота:
1. Раимбабаев Нургазы – Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин мамлекеттик жарандык кызматчы бөлүмүнүн башкы адиси;
2. Мукамбетов Жеңиш – Социалдык фонддун коомчулук жана ЖМК менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы;
3. Джунушалиева Айжамал – Свердлов районунун №23 окуу-тарбия комплекс-гимназиясынын кыргыз тили мугалими;
4. Абдырасулова Алтын – Бишкек шаарынын №32 орто мектебинин кыргыз тили мугалими;
5. Исанов Элдияр – Чүй областындагы Панфилов районунун К.Жуматаев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин мугалими;
6. Андакулова Нурбүбү – Бишкек шаарындагы №9 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин кыргыз тили мугалими;
7. Усупбай уулу Кенжегул – Бишкек шаарындагы №69 ОТКнын кыргыз тили жана адабияты мугалими;
8. Антонова Мария - Борбор Азиядагы Америка университетинин окутуучусу;
9. Жумагул кызы Айнура – И.Раззаков атындагы КМТУнун кыргыз тили кафедрасынын башчысы;
10. Боргемикова Жылдыз – “Сейтек” балдар борборунун окутуучусу.