News


И.Раззаков атындагы

КМТУнин юбилейлик  көргөзмөсү.

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин 65 жылдыгына карата  «Буюмдардын көркөм долбоорлоо»кафедрасы, кафедранын студенттеринин иштеринен турган көргөзмө уюштурду. Ошондой эле көргөзмө БКД кафедрасынын 10 жылдык юбилейине арналган.

Көргөзмө символикалык «Көпүрө» деген аталышка ээ, себеби ал жогорку окуу жайлар менен шаарлардын ортосунда, билим берүүдө жана чыгармачылыкта, достук, кызматташтык жана интеграция көпүрөсү болуп саналат. Көргөзмө көчмө болуп, көргөзмөдөгү иштер Ош шаарында, Ош мамлекеттик университетинде, Каракол шаарындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде көрсөтүлөт.

Көргөзмөнүн идеясы- КМТУнун 65 жылдык мааракесинин алдында «Буюмдарды көркөм долбоорлоо» кафедрасынын студенттеринин 10 жылдын ичиндеги жетишкендиктерин көрсөтүү, ошондой эле билим берүү кызматташтыгын кеңейтүү.

Көргөзмөдө БКД кафедрасы түзүлгөндөн тарта 10 жыл ичиндеги студенттердин ар кандай техникадагы жана багыттагы мыкты иштери көргөзүлдү, алсак көркөм сүрөт, графика, живопись, кол өнөрчүлүк жана кийим топтомдору. Көргөзмөнү даярдоодо студеннтер тарабынан жигердүү жардам көргөздүлдү.

Көргөзмө 2019-жылдын 3-апрелинен 8-апрелине чейин уланат. Дареги: Бишкек шаары А.Токомбаев көч. 21а/4  «Асанбай борбору» галереясы.