Кыргызский Государственный Технический Университет им. И. Раззакова

Новости


2023-жылдын 23-февралында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Мекен коргоочулар күнүнө карата «Карегимде мекен чеги» аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Аталган аземге Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, 2022-жылдын сентябрь айындагы өлкөбүздүн түштүк аймагында чек ара жаңжалында курман болгон жоокерлердин үй-бүлө мүчөлөрү, КР УКМК Чек ара кызматынын өздүк курамы, КР күч түзүмдөрүнүн өздүк курамы жана башка коноктор катышты.

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Н.Исанов атындагы кампустагы Кесиптик орто билим берүү (Колледжинен) 1-курстун 42 студенти кураторлору Сагынбек кызы Мээрим жана Назарбеков Баямандын жетекчилиги астында бул мамлекеттик деӊгээлдеги иш-чарага конок катары катышып келишти.