Новости


2003-жылдан тарта бул күн календарда кызыл дата менен белгиленип келет. Кыргыз өкмөтү атайын токтом кабыл алып жаш өсүп келе жаткан муунду мекенчилдикке тарбиялоо максатында 23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнү деп жарыялаган. Бул майрам мекенге кызмат кылуунун символу болуп саналат.

         Ушул майрамды утурлай 20-февралда И.Раззаков атындагы КМТУда «23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнү» деген аталыштагы жогорку деңгээлдеги иш-чара өткөрүлдү.

         Иш-чарага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, Афганистан, Баткен согушунун баатырлары, Бишкек шаарынын аскер комиссарияты, мугалимдер жамааты жана студенттер катышышты.