Кыргызский Государственный Технический Университет им. И. Раззакова

Новости


И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетиндеги “Курулуш механикасы жана гидротехникалык курулуш” кафедрасы тарабынан “Гидротехникалык курулуш” жана “Жаратылышты жайгаштыруу жана суу колдонуу” багыттары боюнча кесипке багыт берүү иштери жүргүзүлдү.

2023-жылдын 5-апрелинде жеке ишкер О.Б.Шейшеев жана КР Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын башкы адиси Дж.К.Садабаева тарабынан кесип тандоо багытында уюштурулган экскурсияга Чүй облусунун Сокулук районундагы Зуура Кадыркулов орто мектебинин  жана “Давха-Сокулук” жана Эне бала борборунун бүтүрүүчү класстарынын окуучулары келип маалымат алып кетишти.