• Uncategorized

Студент: Келечекте сапаттуу кийимдерди жараткым келет 6 сен

Жакында экинчи курсттун студенти Лоу Мадина өзүнүн коллекциясын тартуулады.  Ал И.Раззаков атындагы Кыргыз  мамлекеттик техникалык университетинин  женил өнөр жай технологу  (ЖӨТ) адистигинде окуйт. Лоу Мадинанын ойлоп тапкан коллекциясы тууралуу буларга токтолду:

«Мен бала кезимден эле куурчактарыма кийимдерди тигип жүрдүм. Кыялымда көптөгөн идеяларым бар эле. Бирок алардын баарын кагазга түшүрүп, жаратууну билген эмесмин. Ал эми азыр идеяларымды ишке ашырууга абдан ыӊгайлуу шарт түзүлгөн. ЖӨТ кафедранын бөлүм башчысы Рысбаева Илима Акимжановна эскиздеримди дыкат карап кеӊешин берет. Мага классикалык стил жагат. Ошондуктан бул коллекцияларым дагы классикалык стилден турат».

Эмне үчүн эки гана түстү колдондуӊуз, дизайнды ойлоп табууда эмнеге басым жасадыныз?

Туура байкагансыз, кызыл менен кара түстү тандадым. Себеби бул түстөр модада актуалдуу. Классиканын негизги түстөрү да. Алгач эскизди түзүп жатканда ыӊгайлуулукка басым жасадым. Ошондой эле бири-бири менен төп келишкенине көӊүл бурдум. Мисалы кара көйнөктү карап көрсөӊөр,өзүн эле кийсе классикалык стил. Ал эми үстүндөгү ак жапкычты кийсе майрамдык кийим болуп калат.

Кандай кыйынчылыктар болду?

Сөзсүз кыйынчылыктар болду, өзгөчө кийимдерди тигип жатканда окшошпой калып, туура эмес жасап алган учурларым болду. Кээ бири дароо эле даяр болуп жатты.

Бир айдын ичинде ойлоп жасаган коллекциямдын кээ бирлерин дароо сатып алышты. Колекциямды «Лоу Мадина» деп атадык. Баардыгын ата-энемдин каражатына даярдадым. Келечекте сапаттуу кийимдерди жараткым келет. Бирок кыялдарыӊ ишке ашып жатса жана сени колдогон мугалимдердин болгону мага дем күч берет.