Профессор Харди Мюллер Кыргызстандын жеӊил өнөр жайы менен таанышат

Германиянын батышындагы Саксония штатынын Цвиккау институтунун профессору Харди Мюллер Кыргызстандын жеӊил өнөр жайы менен таанышат. Бул тууралуу Кыргыз-Герман-Техникалык институтунун директору Усупкожоева Анипа билдирди. Анын айтымында чет элдик профессор институттун чакыруусу менен келген. Алгач Ы.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетиндеги окутуучулар менен жолугуп. Андан соӊ  окуу жайдагы Технология факультетинин өзгөчөлүктөрү менен таанышты.

«Кыргызстанга биринчи жолу келдим. Кыргыз эли абдан боорукер жайдары экен. Иш сапарымдын максаты эки өлкө ортосундагы жеӊил өнөр жай жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү. Биздин өлкөдө ушул тармактагы адистер жетишсиз. Беш күндүк иш сапарымда Кыргызстандагы жеӊил өнөр жайы менен таанышам»,- деди  профессор Харди Мюллер.

Ошондой эле  профессор Кыргыз техникалык университеттин окутуучуларына тренинг өттү.