• Uncategorized

Политехтин командасы жеӊди 6 ноя

«Санжыра» радиосундагы «Көктөм» студенттер сынагынын экинчи турунда  Политехтин «Алга» командасы жеӊишке жетти. Бул иш -чара «Ыйман адеп жана Маданият» жылынын алкагында өткөрүлдү.Таймашта КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын «Өнүгүү», И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин «Алга» комадалары таймашты. Таймашта логикалык суроолорго жооп берип, чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн, музыкалык аспатапдын коштоосунда ырдап, монолог тасмил айтуу тапшырмаларын аткарышты. Ар бир тайпага угуучулар добуштарын берип, жеӊүүчүлөрдү аныкташты. Жыйынтыгында 21 упай менен «Алга» командасы «Өнүгүү» командасын жеӊди.