• Uncategorized

Адис: «Өзүм окуп кеткен окуу жайга керектүү адис болгонума кубанам» 9 окт

Шаршеев Искендер агай И.Раззаков атындагы КМТУнун Энергетика кафедрасында жетектөөчү лаборант болуп иштейт.

Искендер агай иштегендеги сезимдерин мындай бөлүштү: Учурунда геологиялык энергетика тармагында иштедим. Андан соң арадан 43жыл өткөндөн кийин өзүм окуп кеткен кафедрама керектүү адис болуп иштеп жатканыма абдан кубанам. Мага кесибим абдан жагат. Анткени студентерге окуу учурунда энергияны алуу жолдорун өз көздөрү менен көрүп. Кармап иштеп көрүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Ошол окуу куралыдарына керектүү жабдыктардын баарын сактоо менин мойнумда. Студенттердин баары мындай тажрыйба алгандыктан баардык элекр тармагында иштөөгө мүмкүнчүлүктөрү бар. Ушундай кесиптин ээлерине салым кошконума кубанычтамын.