• Uncategorized

Терминологиялык комиссиянын отуруму 14 апр

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы №119 жарлыгы менен бекитилген «2014-2020 — жылдарда мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү жана тил саясатынын өнүктүрүү улуттук программасы» жана Кыргыз Республикасынын  Билим берүү  жана илим министирлигинин 2015-жылдын 1-июлундагы №876/1 буйругун  аткаруу боюнча иш пландардын негизинде  И. Раззаков атындагы КМТУнун Энергетика факультетинде 2017-жылдын 13-апрелинде Энергетика тармагы боюнча терминалогиялык комиссиянын отуруму өттү. Отурумда энергетика багытындагы терминдерди башка тилден мамлекттик тилге которуудагы көйгөйлүү маселелер талкууланды.

Азыркы мезгилде энергетика тармагында эмгектенген окумуштуулардын жана өндүрүштө иштеген кесипкөй котормочу адистердин сөздүктөрү чыккан. Сөздүктөрдө бир эле термин ар кандай которулгандыктан, отурумдун катышуучулары терминдерди бир ыраатка келтирүү үчүн жумушчу топ түзүүнү сунуштады.

Отурумга факультеттин терминологиялык комиссиянын мүчөлөрү, кафедралардагы мамлекеттик тил боюнча жооптулар, Манас Кыргыз-Турк университетинин жана Тоо кен институтунун профессорлору, «Электростанциялар» ААКнун, Бишкек жылуулук тармактар ишканасынын өкүлдөрү катышты.