• Новости ПК

5-ОКТЯБРЬ БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КҮНҮ! 7 окт

%d0%ba%d0%be%d0%bb%d0%bb%d0%b5%d0%b4%d0%b6-%d0%ba%d0%b3%d1%82%d1%83

КЫМБАТТУУ МУГАЛИМДЕР ЭЖЕЙЛЕР АГАЙЛАР!

 

Сиздерди бүгүнкү майрамыңыздар менен чын дилимден кутуттуктап коюга уруксат этиңиздер!

Баардык ажайып өнөрлөрдүн, сонун кесиптердин башатында Мугалим деген эң улуу, эң изги, эң жарык кесип турат. Ааламга таанылган кеменгер болбу, илимдин туу чокусуна жеткен окумуштуу болобу, мамалекет башкарган падыша болобу – адамзатты суктанткан мыктылардын баары бир кезде Устаттын колунан таалим алган. Нечен үлкөндөрдүн баары мугалимге таазим эткен.

Анткени ар бир баланын шык-жөндөмүн ачып, инсандыгын калыптандырып өстүргөн Мугалим.

Коомдун уюткусу болгон үй-бүлөгө эң жакын кеңешчи, көмөкчү – Мугалим.

Элге өрнөк болуп, туура жол көрсөткөн жарык жылдыз – Мугалим.

Жазында жаратылышка жан киргизген Күн нурундай мээримиңиздер адамдардын дилиндеги жакшылыкты дайым ойготуп, изги баштап келе берсин.

 

БАР БОЛУҢУЗДАР, УЛУУ КЕСИПТИН ЭЭЛЕРИ!