• Новости ПК

23-сентябрь – мамлекттик тил күнү. 7 окт

%d0%bf%d0%be%d0%bb%d0%b8%d1%82%d0%b5%d1%85%d0%bd%d0%b8%d1%87%d0%b5%d1%81%d0%ba%d0%b8%d0%b9-%d0%ba%d0%be%d0%bb%d0%bb%d0%b5%d0%b4%d0%b6-%d0%ba%d0%b3%d1%82%d1%83-%d0%b4%d0%b5%d0%bd%d1%8c-%d0%b3%d0%be

23-СЕНТЯБРЬ – МАМЛЕКТТИК ТИЛ КҮНҮ

 

Бул жашоодо эӊ маанилүү тил болот,

Тили аркылуу сүйлөйт жана ойлонот.

Пикир айтып, билдиришип сезимдерин,

Ар бир адам тили менен зор болот.

Тилим менен келди “Манас” дастаны,

Сиӊирилген кыргыз элдин нарктары.

 

деп ыр саптарында айтылгандай ар бир элдин өзүнүн баалап барктаган тили, үрп-адаты, каада-салты болот эмеспи. Анын сыӊарындай, И.Раззаков атындагы Политехникалык колледжде 23-сентябрда мамлекеттик тил майрамы өткөрүлдү.

Аталган иш чарада студенттер өз таланттарын көрсөтүштү. Чоӊ концерттик иш чара университеттин азем залында гимн менен башталып, андан соӊ колледждин окутуучусу Эшенкулова Марийна Райимбердиевна куттуктоо сөзүн сүйлөп, иш чара мамлекетибиздин тил гимнин дунган улутундагы ТОСВТ9-1-15 тобунун студенти Дасифу Азиз көркүнө чыгара аткарып, студенттердин мекенчил сезимин ойготтуу менен уланды. Кыргыздын ак куудай керилген айдай сулуу КШИ9-1-15 тобунун кыздары Нурбек кызы Айдай, Акылбек кызы Айдай, Кыргызбаева Айдай, Саркул кызы Азиза иш чаранын көркүн ачса, жан дүйнөнү азыктандырган Э.Ибраевдин “Улут болсоӊ тилиӊ менен улутсуӊ” ырын КШИ9-2-16 тобунун студенти Кудайберген кызы Гүлназ, А.Осмоновдун “Ысык-Көл” ырын ЭС9-1-16 тобунун студенти Карипов Адилет жана Анарбекова Мунара көркөм окуп залда отурган күйөрмандарга рухий азык тартуулады. Комуз жана ооз комуз аспаптары менен КШИ9-2-16 тобунун студенти Кабаева Мадина ойноп залда отурган күйөрмандардын купулуна толду.

Жүрөктөн жүлүнгө жетерлик Ч.Айтматовдун “Саманчынын жолу” чыгармасынан алынган үзүндүлөрдү ЭССС9-1-16 тобунан Джамилов Нурсултан, Жеӊишбеков Султан жана КШИ9-1-16 тобунан Кулмамат кызы Ыкыбал, Нурланбек кызы Курманжан мыкты дээӊгелде аткарышты. Ошондой эле “Жетим кыздын арманын” айтып ОПУТ9-1-15 тобунун студенти Нурбек кызы Айдана залда отурган күйөрмандардын көздөрүнө жаш толтурду. “Өнгөнү коюп Манасты айт” дегендей ОПУТ1-16 тобунун студенти Карыпбеков Абдумалик “Манас” эпосунан үзүндү айтып дүйнө жүзүнө таанымал эл экенибизди далилдеди. Жигитке жимиш өнөр аздык кылат дегендей колледждин Браво, Атыжоктор, Республика ШТК (КВН) тобторунун студенттери күлкү тамаша тартуулап да жетишишти. Эстрадалык жанрдагы жана акардиондун коштоосундагы чыгармаларды аткарышып — Бурханбек уулу Нурбек, Манас уулу Семетей, Сатиева Айкөл, Анарбек кызы Нуркамал залда отурган күйөрмандарга маданий эстетикалык баалуулук тартуулады. “Улут болсоӊ тилиӊ менен улутсуӊ” демекчи, тилибиздин эртеӊки келечеги жана бүгүнкү тагдыры жөнүндө коюлган концертик иш-чара залда отурган күйөрмандарды ойго салбай койгон жок.

БАР БОЛ КЫРГЫЗ ТИЛИ!