• Новости ПК

НООРУЗ МАЙРАМ — КЫРГЫЗ ЭЛИ ҮЧҮН ЧОҢ МУРАС! 24 мар

 

Нооруз майрам өзүнчө бир керемет,

Мына бүгүн күн менен түн теңелет.

Таттуу уйкунун кучагынан ойгонуп,

Жер энебиз бир калыпта термелет!

 

21-март күнү И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Нооруз майрамынын урматына арналган чоң салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Күн менен түн теңелген, жаздын жарчысы катары кабыл алынган Нооруз майрамы КМТУнун Политехникалык колледжи тарабынан даярдалып, мыкты деңгээлде уюштурулду. Кыргыз кол өнөрчүлүгүнүн теңдешсиз байлыгы болгон жүз канаттуу боз уй тигилип, кыргыздын Улуттук даамдары келген коноктордун назарына тартууланды. Иш-чара кыргыз элинин салты болгон тушоо кессүүдөн башталып, тилибизди, каада-салт нарк насилибизди, көркөм өнөрүбүздү чагылдырган көргөзмөлөр эл сынына коюлду, кыргыздын улуттук оюндары ойнолду, Ала-Тоону жердеген улуттардын тамак-аш көргөзмөсү уюштурулуп, студентердин арасында өткөрүлгөн “Менин сүйүктүү Кыргызстаным” фотокөргөзмөсү болуп өттү.

Салтанаттын алкагында даярдалып, “Ыйман, Адеп жана Маданият жылына” арналган: “Исхак Раззаков”, “КМТУнун тарыхы”, “Кыргызстандын жети керемети”, “Ыйман, Адеп жана Маданият”, “Кыргыздын Кол өнөрчүлүгү”, “Кыргыз элинин белгилүү искусство чеберлери”, “Кыргыз эл жазуучулары”, “Кыргыз элинин көөнөргүс мурасы — Манас эпосу”, “Кыргызды дүйнөгө тааныткан акындар”, “Нооруз — көктөм майрамы”, “Боз – үй”, “Кыргыздын каада-салттары”, “Улутук оюндар” темасындагы көргөзмө-стендтер келген коноктордун чоң кызыгуусун жаратты.

Салтанат Политехникалык колледждин мугалимдери жана студентери тарбынан даярдалган чоң программадагы сахналаштырылган концерт менен уланды. Концерти, И. Раззаков атын. КМТУнун ректору, профессор Ж.М. Жүзүмалиевич куттуктоо сөзүн айтып салтанаттуу ачып берди. Иш-чара Кыдыр Атанын насааты менен башталып, улуттук аң сезимди ойготчу Ураан жаңырып, Умай Эненин аластосуу өзгөчө бир сезим тартуулап, айлананы арууланты. Колледждин таланттуу студентери чогулган конокторго өз өнөрлөрүн көрсөтүп, Кыргыз рухунун Туу чокусу болгон “Манас” эпосунан үзндү айтылды, шаңга толгон ыр-күү, жүрөктү туйлаткан бийлер, атуулдук сезимди ойготкон көркөм окуулар аткарылды. Жан дүйнөгө бай-руханий азык тартуулаган бул салтанат, жалпы катышуучулардын коштоосундагы флеш-моб менен аяктады!

Бар бол Нооруз!

Бар бол кыргыз элим!