• Новости ПК

“Кылымга аты дал келген, Кызыктуу оюн сармерден” 26 дек

%d1%8d%d1%81%d1%81%d1%81-1-15335

“Тарых жана маданият” жылына карата 23-декабрда И.Раззаков атындагы КМТУнун чоң салтанат залында Политехникалык колледждин “Сармерден” оюн-зоок иш чарасы өткөрүлдү.

Аталган иш чара “Кыргыз тили” фестивалынын алкагында өткөрүлүп, салт болуп калган. Ошондой эле өтүп бараткан жылдын жыйынтыгы боюнча, жеңүүчүлөргө иш чаранын официалдуу бөлүгүндө дипломдор, сыйлыктар жана грамоталар тапшырылды.

Студентердин көз карашы боюнча жылдын мыктылары деп төмөнкүлөр аталды:

“2016-Жылдын мыкты мугалими” – Аманова Нурзада Суйуналиевна;

“2016-Жылдын мыкты куратору” – Бопушев Ринат Токтосунович;

“2016-Жылдын мыкты администратору” – Таштанбек кызы Аида;

“2016-Жылдын мыкты старостасы” – Жапарова Перизат;

“2016-Жылдын мыкты студенти” – Адылбекова Айкөкүл Русланбековна.

Андан тышкары “Жылдын мыкты Окуу усулдук комлекси” номинациясында Бопушев Ринат Токтосунович, Охотников Виталий Иванович, Оморова Жылдыз Анарбековна, Жасоолова Жазгуль Туткабековна жеңүүчү болушту. “2016-Жылдын мыкты тайпасы” деп КШИ9-1-15 тайпасы табылып, студентер таттуу белектер катылган кутучаларга ээ болушту, ошондой эле И.Раззаков атын. КМТУнун Политехникалык колледжинде мамлекеттик тилди өнүктүрүнүн жана тил-саясатынын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын иш-чараларына активдүү катышкандыктары үчүн, жана мамлекеттик тилди окуу процессине кеңири колдонуп, студентердин жетишкен ийгиликтери жана мыкты көрсөткүчтөрү үчүн колледждин окутуучулары Курманбаева Гулнара Абдылдаевна, Буликбаева Айнагуль Наматовна, Чалабаева Нурсулуу Айбашевна, Эсенгулова Бактыгүл Кудайбердиевна, Кыдырмаева Жазгул Кыдырмаевнага алкыш жарыяланды.

Салтанат кыргыз элинин маданиятынын негизги бөлүгү болгон кыз-жигит “Сармерден” оюн-зоок программасы менен уланды.

Күлкүсү күчөп шаң берген

Күттүргөн оюн сармерден.

Көңүлгө шерик дал келген,

Көпчүлүк көрчү сармерден.

Кылымга аты дал келген,

Кызыктуу оюн сармерден.

Иш чаранын башкы максаты мамлекеттик тилди өнүктүүргө багытталып, мугалимдер, ата-энелер, студенттер катышышты. Бул салтанаттуу “Сармерден” жан дүйнөгө руханий азык тартуулаган элдик ырлар, күүлөр, дастандар каада-салт, улуттук оюндар, улуу сөздүн учугун улаган макал-лакаптар, табышмактар, жаңылмачтар, шандуу акыйнек ырлары менен коштолду. Таланттуу студенттердин өнөрлөрүн көрүп, каада-салтын аздектей билген нарк-насилдүү жаш муундардын өсүп келе жаткандыгына дагы бир жолу ынандык десек жаңылышпайбыз.