• Новости ПК

Ийгиликке жол бизден башталат! 12 дек

%d1%8d%d1%81%d1%81%d1%81-1-15120

2016 – жылдын 8-декабрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде “Тарых жана маданият жылына” карата жана 1916-жылдагы боштондук кыймылынын 100 жылдыгына арналган “Үркүн кыргыз акын — жазуучуларынын чыгармаларында” аттуу Бишкек шаарындагы орто окуу жайлардын арасында өткөн студенттик илимий-тажрыйбалык конференцияга И. Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинин студентери да активдүү катышып, чоң ийгиликтерге жетишти. КМТУнун Политехникалык колледжи Бишкек шаарындагы орто окуу жайлардын арасында 1-орунду ээледи.

Атап айтсак ТОСВТ9-1-15 тайпасынын студенти Бейшенов Ислам
I даражадагы дипломго татыктуу болуп, илимий жетекчиси Курманбаева Гүлнара Абдылдаевна Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Ардак грамотасы менен сыйланды.

Төмөнкү студентер мактоо баракчалары менен сыйланышты:

  • ТОСВТ9-1-15 тайпасынын студентери Канатбек кызы Дария, Исманалиева Сезим, Молдоканов Бекайдар, илимий жетекчиси Курманбаева Г.А.
  • ТОРАТ9-1-15 тайпасынын студенти Бактыбеков Данияр, илимий жетекчиси Буликбаева А. Н.
  • ТОРАТ-1-16 тайпасынын студенти Эмил уулу Нуртилек, илимий жетекчиси Чалабаева Н.А.

Бул илимий-тажрыйбалык конферециядан студенттер Үркүн жөнүндө көп маалыматтарды алышты. Үркүндү баштан кечирген ата-бабаларыбызды жүрөгүндө сактап, өткөндү эч качан эстен чыгарбай, аларга таазим кылып жүрөбүз деген ойдо калышты.

Окуутучуларды жана студентерди жетишкендиктери менен кызуу куттуктайбыз! Иштерине жана окууларына албан – албан ийгиликтерди каалайбыз!