• Uncategorized

“Буюмдарды көркөм долбоорлоо” 24 апр

“Буюмдарды  көркөм долбоорлоо” кафедранын  ИКТ -1-14 тайпасындагы  студенттердин “Атайын сүрөт  тартуу”  сабагынан  аткарышкан  эмгектеринин отчеттук  көргөзмөсүнүн ачылышы.

23.04.18г.  И. Раззаков атындагы  Кыргыз мамлекеттик  техникалык университетинде  Технологиялык  факультеттин  “Буюмдарды көркөм долбоорлоо ” кафедрасындагы ИКТ(б) -1-14 тайпасынын  студенттери “Спец рисунок” сабагы боюнча  аткарышкан мыкты эмгектеринин  көргөзмөсү   кафедра жамаатынын  катышуусунда ачылды.

Ачылыш  аземинде Технологиялык факультеттин деканы , профессор  Т.Ш. Джунушалиева куттуктоо сөз сүйлөп, көргөзмөгө активдүү катышкандыгы жана  окуудагы  жетишкен  ийгиликтери үчүн студенттер: Кадырбекова  Жибекке, Капарова Мээримге, Эсенова Алтынайга,  Сапарова Нуризага жана Ромохова  Викторияга  кафедранын  дипломдорун тапшырды.