• Uncategorized

“Ата- Бейит” мемориалдык комплекс 6 апр

И. Раззаков атындагы КМТУнун студенттери ар кандай багыттагы тарбиялык жааттагы иш-чараларга катышып турушат. Студенттер менен иштөө департаменти университеттин студенттерин адептүүлүккө, ыймандуулукка тарбиялоодо көп эмгектерди аткарып келишет.
2017-жылдын 6-апрелинде Мырза Тенизбеков баш болгон КМТУнун жатаканасынын студенттери “Ата- Бейит” мемориалдык комплексине 2010-жылдагы 7-Апрель кыргыз элинин эркиндиги үчүн каза болгон баатырлардын элесине арналган куран окутууга катышып, аларга арналган гүлдестелерин коюп келишти.